300%дык үстөк менен акча бергендер аныкталып, бюджетке миллиондор которулду

Кыргызстанда аффилирленген юридикалык жактар (микрокредиттик, микрофинансылык компаниялар жана ломбарддар) тарабынан «скоринг» ыкмасы менен ашыкча киреше алып келген схема түзүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, реалдуу жылдык пайыздык чендер 300 пайызга чейин жетип турган.
«Аффилирленген компаниялардын А.Э.Ж. аттуу өкүлү схема карыз алуучулардын эсебинен ашыгы менен киреше алууга жол ачарын моюндаган. Текшерүү иш-чараларынан кийин мамлекеттин бюджетине компенсация түрүндө 90 миллион сом которулду», — деди ведомство.