Бишкекте жаңы жыл түнү Тез жардам кызматынын 40 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, эртең ошондой эле Ала-Тоо аянтында кечки саат 6дан кийин реанимациялык жана кардиологиялык 2 бригада нөөмөт жүргүзөт.
Адатта 1-январда медициналык жардамга кайрылгандар көбүрөөк болот, андыктан, чакырууларга дарыгерлер, күйүүчү материал жана дары-дармек запасы жетиштүү, — деди Шаяхметов.