Баткен облусунда бүгүн 10 социалдык объект колдонууга берилет

Баткен облусунда бүгүн 10 социалдык объект колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Арасында Кулунду, Лейлек, Ак-Суу, Масалиев айылдарында мектеп, Ак-Сууда курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана, эки тигүү цехи, Үч-Коргон айылында оорукана жана Баткен шаарында мал базар бар.

 

Аталган объектилердин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.