Адистер жарандарды салют жана петардалардан баш тартууга чакырат

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды салют жана петардалардан баш тартууга чакырат. Ведомстводон эске салышкандай, фейерверктер канаттууларга жана өсүмдүктөргө зыян тийгизет.

 

Пиротехника түтүнү абанын сапатын жана климатты бузууга алып келет. Андан тышкары, петардаларды жардырууда техникалык коопсуздук сакталбаса, күйүк алуу мүмкүн.

 

Эң коркунучтуусу, жаңы жылдык майрамдарда өрт кырсыктарынын дээрлик бардыгынын себеби ошол петардалардан болот, — дешти ведомстводон.