“Аль-Иттихад” клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиядан кетүүнү чечти

“Аль-Иттихад” клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиядан кетүүнү чечти. Форварддын каалоосу тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.

 

Белгилүү болгондой, Бенземага оюн талаасындагы маселелер, беттештерге күйөрмандардын аз келиши жана өтө ысык аба-ырайы жакпайт. Эске салсак, Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубуна өткөн жылдын жайында которулган. Футболчунун келишими 2026-жылга чейин түзүлгөн.