Баткенде кыз-келиндер үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Баткенде кыз-келиндер үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, спорт комплекс Самаркандек айылында жайгашат.

 

Залдын курулушуна каражат жергиликтүү бюджеттен жана Баткен облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Андан тышкары, 2 миллион сом спорттук шаймандарды сатып алууга тапшырылды.