Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Турнирдин биринчи күнүндө 5 комплект медаль ойнотулат, алар үчүн 93 спортчу күч сынашат.
Олимпиадалык болгон 97 килограммга чейинки салмак категориясына 8 спортчу катышууда.
Бул турнирдин жыйынтыгы менен Олимп оюндарына лицензиялык турнирге катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасы түзүлөт.