Кыргызстанда өткөн жылы казинолордун ишмердүүлүгүнөн 86 миллион сомдон ашык салык түштү

Кыргызстанда өткөн жылы казинолордун ишмердүүлүгүнөн 86 миллион сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, өтүп кеткен жылдын 11 айында букмекер контораларынан жана тотализаторлордон 3,5 миллион сом которулган.   Эске салсак, өлкөдө 2012-жылы кумар оюндарына тыюу салынган.   Бирок өткөн жылы мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия Кубогунун алдында жыйынтыктоочу беттешин өткөрдү

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия Кубогунун алдында жыйынтыктоочу беттешин өткөрдү. Кечээ Катарда ак шумкарлар Вьетнам курамасы менен ойноду.   Жолугушуу биздин футболчулардын пайдасына 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Эске салсак, Азия Кубогу 12-январда старт алат. Кыргызстан F тайпасында Тайланд, Сауд Арабия жана Оман менен ойнойт.   Биринчи… Кененирээк…

Бишкекте “эмгек биржасы” түйүнү ачылды

Бишкекте “эмгек биржасы” түйүнү ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, иш менен камсыз кылуу пункту Лев Толстой көчөсүндө жайгашат. Анда иш менен камсыз кылуу пунктунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барат.   Түйүндү түзүүгө калаа жетекчисинин резервдик фондунан 1 миллион 162 миң сом бөлүнгөн.

Бишкек мэриясына кытайлык компания тарабынан эки таштанды ташуучу унаа тапшырылды

Бишкек мэриясына кытайлык компания тарабынан эки таштанды ташуучу унаа тапшырылды. Атайын техника кайтарымсыз гранттык негизде берилип, ордо калаага жакын арада жеткирилет.   Эске салсак, буга чейин мэрия менен Кытай компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Кыргызстанга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө көзөмөл күчөтүлөт.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги эскерткендей, 10-январдан тарта, чек арадагы 29 фитосанитардык көзөмөлдөө пунктарында уруксат берүү документтери, лаборатория жыйынтыктары жана фитосанитардык сертификаттар текшерилет.   Карантиндик зыяндуу организмдердин таркалышына … Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан туштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан.   Жер силкинүү… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар  Android базасында видеочалуу учурунда биргеликте видеолорду көрүп, музыка уга алышат. Муну менен сүйлөшүп жаткан адам менен виртуалдуу кинотеатр уюштурууга мүмкүн болот.   Жаңычылдык учурда тестирлөөдөн өтүп жатат, жакынкы арада бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болушу күтүлөт.

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров тийиштүү буйрукка кол койгонун билдирди. Жарлыкка ылайык, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар 2024-жылдын 31-декабрына чейин текшербейт.   Бул бизнести мамлекет тарабынан колдоо үчүн кабыл алынган чечим.   Кыргызстан өкмөтү 2020-жылы мартта… Кененирээк…

Бишкектин эски автобустары 21 миллион сомго сатылды

Бишкектин эски автобустары 21 миллион сомго сатылды. Бул тууралуу 24 агенттигине мэриядан билдиришти. Жалпысынан 386 даана техника сатылган.   Каражат шаар бюджетине которулган. Муниципалитеттен белгилешкендей, эски автобустарды сатуу менен ордо калаа автобазасын жаңы коомдук транспорт менен толуктоого  мүмкүнчүлүктөр түзулөт.

Өкмөт жаңы кабыл алынган туунун эскизин бекитти

Министрлер кабинетинин жаңы кабыл алынган туунун техникалык өзгөчөлүгүн бекиткен токтому “Эркин-Тоо” гезитинин 9-январдагы санына жарыяланды. Анда токтомго былтыр 29-декабрда кол коюлганы жазылган.   Документте туунун элементтеринин пропорциялык катышы чийме аркылуу көрсөтүлгөн. Андан тышкары символдо колдонулган түстөрдүн коддору жазылган. Ошондой эле туудагы күндүн нурлары түндүктөн бөлүнүп,… Кененирээк…