Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде тыгындарды азайтуу максатында айланма жол куруу чечими кабыл алынган.
Анын алкагында айланма жол өтүүчү Кара-Дарыянын эки жээгин бекемдөө иштери башталды. Жеринде 26 атайын техника жана адистер иштеп жатат.