Кытайлык компания Бишкекте таштандыларды өрттөөчү ири завод курат

Кытайлык компания Бишкекте таштандыларды өрттөөчү ири завод курат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле шаарда катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда.

 

Капсуланы жаз айларында салуу пландалып жатат. Курулуш процесси бир жарым жылдай созулат.