Бишкекте тыгындарды азайтууга жардам бере турган акылдуу светофорлорду орнотуу башталды. Мэрия маалыматына ылайык, система унаалар көбөйүп кеткенде кыймылды өзү башкарып турат. Электр жарыгы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет.
Биринчи этапта ордо калаанын 21 жол кесилишине, андан кийин 100 кесилиште тиешелүү датчиктер орнотулат.
“Акылдуу жол чырактын” биринчиси Абдрахманов — Медеров көчөлөрүнүн кесилишине коюлат. Долбоор 1-февралда ишке кирет.