Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүүдө

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүүдө. Анда өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугууда.

 

Маалыматка ылайык, тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте улантат.

 

Жолугушууда чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экени белгиленди.