Жалал-Абад шаарында Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы каражат каралып, долборлоо-сметалык документтери иштелип чыккан.
Перинаталдык борбор кыз-келиндерге кош бойлуу, төрөткө чейинки, төрөт учурунда жана андан кийинки аралыктагы жана ошондой эле ымыркайларга кам көрүү каралган борбор катары белгилүү.