Хорватияда күрөш боюнча 2024-жылдын биринчи рейтингдик турнири өтүүдө. Бүгүн эркектер жана аялдар арасында 6 комплект медаль ойнотулат.
Килемге Кыргызстандан эки спортчу — Айсулуу Тыныбекова менен Нурзат Нуртаева чыгат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3тө башталат.