«Электр станциялар» ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Таштан Коңурбаев «Электр станциялар» ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ал ишкананын директорлор кеңешинин чечимине ылайык дайындалган.

 

Компаниянын мурдагы башкы директору Осмон Качкынбаев бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.

 

«Электр станциялар» ААК мамлекеттин 98% электр энергиясын, ошондой эле жылуулук электр энергиясын өндүргөн ири компания болуп саналат. Курамында 7 гидроэлектростанциялар, 2 Жылуулук электр борбору жана Бишкек жылуулук тармагы кирет.