Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, документ былтыр 6-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзам Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

 

Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Анын алкагында артыкчылыктуу долбоорлор жеңилдетилген шарттарда каржыланат.