Бишкекте дагы эки скважина пайда болот

Бишкекте дагы эки скважина пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, алар Валиханов жана 7-апрель көчөлөрүндө жайгашат. Скважиналардын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну түзөт.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин жайкысын сугат суусунун жетишсиздигин алдын алуу үчүн Бишкектин Профсоюз – Нарвская, Лев Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважина бургулоо пландалган.