Кыйраган тик учакта каза тапкан аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам берилет

Кыйраган тик учакта каза тапкан аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам берилет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркагандар дарылануу алып жатат.

 

Алар керектүү дары-дармек менен толук камсыздалды. Эске салсак, 17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын жайгашкан “Фрунзе-1” авиабазасында аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болгон. Дагы 10 адам жабыркады.

 

Учурда бул факты боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө.