Азия Кубогунун алкагында кыргызстандык футболчулар 21-январда оюн талаасына чыгат

Азия Кубогунун алкагында кыргызстандык футболчулар 21-январда оюн талаасына чыгат. Кыргызстан курамасы F тайпасында Сауд Арабия оюнчулары менен топ талашат.

 

Андан кийинки беттеш 25-январга Оманга каршы белгиленди. Эске салсак, буга чейин улуттук курама Тайландка 0:2 эсебинде утулуп калган. Учурда Кыргызстан менен Оманда упай жок, ал эми Сауд Арабия менен Тайланддын эсебинде 3төн упай бар.