Баткен облусунун Самаркандек районунда логистикалык борбор курулууда. “Кабар” билдиргендей, тиешелүү жабдуулар жеткирилди, жакында аларды орнотуу иштери башталат.
Жумуштар жергиликтүү ишкердин эсебинен жүрүп жатат. Курулуш аяктагандан кийин логистикалык борбордо мөмө-жемишти кургатууга, сактоого, таңгактоого жана туура тоңдуруу шарттар түзүлөт.