УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты ачылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоодон кийин колдонууга берилди. Мекеменин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.   Имарат 1976-жылы курулганы маалымдалды. Анда буга чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жалпы 2 миң чарчы метрден ашыгы оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлору жаңы графикке өттү

Бүгүнтөн тарта Кыргызстандагы бардык ири Калкты тейлөө борборлору таңкы саат 8ден кечки 6га чейин түшкү тыныгуусуз иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Мекеме буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборунда киргизилген пилоттук долбоор натыйжасыз болгонун белгиледи. Тагыраагы, кечки 8ге чейин иштөө… Кененирээк…

Бишкекте акылдуу жол чырактар ​​иштеп баштады

Бишкекте акылдуу жол чырактар ​​иштеп баштады. Жол кыймылын жөнгө салуучу аппараттар көчөлөрдөгү тыгындарды жоюуга жардам берет.   Алар кадимки светофорлордон алда канча жарык, энергияны үнөмдөйт жана электр жарыгысыз үч сааттан ашык иштей алат.   Биринчи этапта шаардын кесилиштерине 160 жол чырак орнотулат. Ишти март айынын… Кененирээк…

Таш-Көмүр шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо башталды

Таш-Көмүр шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо башталды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, спорттук жайды оңдоого 18 миллион сомдон ашык жумшалат.   “Шахтер” деп аталган стадион 1963-жылы курулган. Объектти реконструкциялоо 60 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүүдө.   Оңдоп-түзөөдөн кийин анын сыйымдуулугу 1 миң 600 көрүүчүгө жетет.

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык, эч кандай чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассалар дайыма кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө.   Бирок ашуулар аркылуу жолго чыккандар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, атайын техниканын ишине тоскоолдук кылбашы керек.

№47 колониянын жеринде курулуп жаткан үйлөрдүн алгачкысы сентябрда пайдаланууга берилет

Бишкектеги №47 колониянын жеринде курулуп жаткан алгачкы 11 көп кабаттуу үй сентябрь айында пайдаланууга берилет. Ал 986 батирлүү 18 кабаттуу турак жай болот.   Бөлүнгөн жерге жалпысынан 39 көп кабаттуу үй курулуп, алар жарандарга мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында жеңилдетилген шартта тапшырылат.

КММА Баткенде жаңы комплекс курат

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Баткенде жаңы комплекс курат. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.   Тендердин жалпы суммасы 43 миллион 202 миң сомду түзөт. Каражатка Баткен шаарында окуу-медициналык жана илимий комплекс куруу пландалууда.

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү жүрүүдө

Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу жүрүүдө.   Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, өнөктүк эки этап менен өтөт. Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин отчет бериши керек. 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырат.   Документте өткөн жылы… Кененирээк…

Тик учак кырсыгында жаракат алган адамдардын абалы туруктуу

Бишкектеги тик учак кырсыгында жаракат алган адамдардын абалы туруктуу. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан төрт адамдын экөө бүгүн палатага которулат.   Улуттук госпиталга жеткирилген эки аскер кызматкеринин да абалы туруктуу.   17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын жайгашкан “Фрунзе-1” авиабазасында… Кененирээк…

Бишкекте немис-француз классикалык музыка кечеси өтөт

Бишкектеги Улуттук филармониянын чоң залында 23-январда немис-француз классикалык музыка кечеси өтөт.   Музыка сүйүүчүлөрү үчүн кирүү акысыз, башталышы саат 18:30.   Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, кече германиялык виолончелист Флориан Шмидт-Барта, франциялык альтист Матис Роша жана Р.Осмоналиев жетектеген Мамлекеттик академиялык симфониялык рркестрдин коштоосунда өтөт.   Билеттерди… Кененирээк…