Эртең Жалал-Абаддын эки кичи районунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин Спутник жана Көк-Арт кичи райондоруна суу убактылуу өчүрүлөт.
Калк таза сууну алдын ала камдап алышы керек.