Кыргызстандык суучулдар Дохада өтчү дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Дүйнө биринчилиги Катардын Доха шаарында 2-18-февраль күндөрү өтөт. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.

 

Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.