Жер титирөөдөн Ысык-Көл жана Нарында 21 соцмекеменин имаратынан жарака кеткен

23-январга караган түнү очогу Кытайдын аймагында болуп, толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен жер титирөөдөн Ысык-Көл жана Нарында 21 социалдык мекеменин имаратынан жарака кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Жалпысынан эки облустан 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 11 үй Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүнөн өтүүдө.

 

Мындан сырткары, Чүй облусунун Чүй жана Москва райондорунун 2 мектеп текшерилип, имараттардын жаракалары жер титирөөгө тиешелүү эместиги аныкталды.