ӨКМ жарандарды коопсуздук баштыгын даярдап коюуга чакырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сактыкта кордук жок экендигин эскертип, жарандарды коопсуздук кунжунун даярдап коюуга чакырды.   Коопсуздук куржунунда эмнелер болушу керек? документтердин көчүрмөсү, акча; тез жардам кутусу; жай мезгилинде 5-6 литр суу, кыш мезгилинде 3-4 литр суу; консерва, жогорку калориядагы тамак-аш; гигиена каражаттары; запаска кийим, бут… Кененирээк…

Бишкекте Ленин районунун башкы архитектору пара алып жатканда кармалды

Бишкек шаарындагы Ленин районунун башкы архитектору менен Мамлекеттик картографиянын башкы экономисти камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.   Айтылган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (жеке өзү же ортомчулар аркылуу пара берүүгө мажбурлоо) менен айып коюлууда. Маалым болгондой, Ленин районунун… Кененирээк…

Жер титирөөдөн жабыркаган имараттар аныктала элек

Жер титирөөгө байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жумушчу топ түзүлүп, Бишкектеги жана айланасындагы турак үйлөрдүн абалын текшерүүдө.   Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди. «Учурда бир катар үйлөр текшерилди, жарака кеткен үйлөр аныкталган жок. Бул иш бир канча… Кененирээк…

Алматыда жер титирөөдөн кийин дарыгерге кайрылгандар 67ге жетти, бири реанимацияда

Казакстандын Алматы шаарында 23-январга караган түнкү жер титирөөдөн кийин ооруканага кайрылгандар кечке маал 67ге жеткенин “Азаттык” радиосунун казак кызматы калаа акимчилигинин маалыматына таянып билдирди.   Кайрылгандардын 55и чоңдор, 12си балдар экени, баары тийиштүү медициналык жардам алып жатышканы, сегиз киши ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү… Кененирээк…