Сокулукта вакцина сактоочу атайын кампа ачылды

Чүйдүн Сокулук районундагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вакцина сактоочу бөлмө ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кампаны орнотуу Канада өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен ишке ашты.

 

Белгиленгендей, Кыргызстан боюнча жалпысынан вакциналарды сактоочу 11 жаңы бөлмө ачылат. Ага 35 млн сомдон ашык сарпталат.