Бишкек ЖЭБинде абал туруктуу

Бишкек ЖЭБинде абал туруктуу. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, учурда 9 отказан жана 4 турбогенератор иштеп жатат. Суунун табы 60-65 градусту тузүүдө.   Бишкекке Россиядан адистер келди, алар биздин энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди оңдоо иштерин талкуулап баштады. Эксперттер үч вариантты караштырып жатат – бир бөлүгүн модернизациялоо,… Кененирээк…

Тейлор Свифт “Жылдын мыкты альбому” категориясында “Грэмми” сыйлыгын алды

Тейлор Свифт “Жылдын мыкты альбому” категориясында “Грэмми” сыйлыгын алды. Ырчы быйыл “Грэммиде” 6 номинация боюнча көрсөтүлгөн. Бул дагы бир америкалык ырчы Сизэйге караганда үч позицияга аз.   Ал эми Билли Айлиш бул жылы “Барби” тасмасында жаңырган чыгармасы үчүн “Жылдын ырчысы” сыйлыгын алды. Буга чейин ушул… Кененирээк…

ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды

ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов билдирди. Анын айтымында, өрт лабораториясы жарылуу 14-отказандын жанындагы тегирменден келип чыкканын аныктады.   Ал көмүрдү майдалоо үчүн колдонулат. Жарылуунун күчү катуу болгондуктан, айнек, чатыр бөлүктөрү жүздөгөн метр алыстыкка учкан, — деп билдирди… Кененирээк…

Бишкектеги батирлердин бардыгына жылуулук берилди

Бишкектеги батирлердин бардыгына жылуулук берилди. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады. Анын айтымында, батареяларга жылуулук 53-65 градуска чейин берилип жатат.   Ал эми ысык суу берүү 70 пайызга жетти. Эртең чейин 100 пайыз болот деп күтүлүүдө, — деди чиновник. Ал кошумчалагандай, учурда 9 от… Кененирээк…

Ош облусунун Жапалак районунда жаңы бала бакча пайда болду

Ош облусунун Жапалак районунда жаңы бала бакча пайда болду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Орке айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 180 орунга чакталат.   Бакча бардык керектүү материалдар менен камсыздалды. Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту.   Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, спортчу 60 килограммга чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү.   Финалда Малиден келген мушкерди утуп чемпион болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Сагын Сатыбалды уулу аталган… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Каракол – Эңилчек трассаларында жолчулардын нөөмөтү уюштурулуп, кардан тазалоо, инерттүү материалдарды себүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатат.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга эрежелерди так… Кененирээк…

Алдыдагы 2 жылда 1,5 миллион керектөөчү “акылдуу” эсептегич менен камсыздалат

Алдыдагы 2 жылда 1,5 миллион керектөөчү “акылдуу” эсептегич менен камсыздалат. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактарынын” расмий өкүлү Таалайбек Койбагаров билдирди.   Чиновник белгилегендей, заманбап шаймандарды орнотуу менен авариялык өчүрүүлөрдүн саны кыскарып, электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү 20 пайызга кыскарганы байкалууда.

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Кыргызстанга Казакстан жардам берет

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Кыргызстанга Казакстан жардам берет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Жаралган кырдаалдан улам Казакстан Кыргызстанга Жамбыл ГЭСи аркылуу кое берилген электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүү чечимин кабыл алды.   Андан тышкары, Россия авариянын кесепетин жоюуга адистерин жөнөтсө, Түркмөнстан суютулган газ… Кененирээк…

Бишкекте жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкекте жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери уланууда. Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, учурда жеринде 1 миңге жакын кызматкер иштеп жатат. Аларга сый акы карала турганын буга чейин министрлер кабинетинен билдиришкен.   Ошондой эле 19 жеке курулуш компаниясы калыбына келтирүү иштерине жардам берип жатат.   Ал эми… Кененирээк…