Аксы, Ала-Бука райондорунда мамлекеттик дарыканалар ачылды
Аксы, Ала-Бука райондорунда мамлекеттик дарыканалар ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар дарыгерлик практика борборлорунда жайгашып, аларда дары-дармектин 1 миңден ашык түрү жеткиликтүү баада сатылат. Учурда республика боюнча жалпысынан 63 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.