Үч жылда ККМ аппарат колдонгондор төрт эсе көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы үч жыл ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды колдонгондор төрт эсе көбөйгөнүн маалымдады.

 

Белгилүү болгондой, учурда 75 миң 695 ККМ аппарат ийгиликтүү колдонулуп жатат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсе көп.

Салык кызматы өлкөнүн бардык аймагына ККМди жайылтуу чараларын системалуу жүргүзүүдө. Анын алкагында бул аппараттын 33 моделин камтыган реестр ачылып, 26 техникалык тейлөө борбору менен кызматташтык келишими түзүлгөн.

 

Иш-аракеттердин негизинде ККМге болгон базар бааларын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу ККМди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.