Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы боюнча макулдашылды.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү. Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.