Майкл Джордандын кийилген бут кийимдери рекорддук баага сатылды. 6 жуп кроссовки үчүн анын күйөрманы 8 миллион доллар төлөдү. Бул бут кийимдер менен легендарлуу баскетболчу 1990-жылдары НБА чемпионатынын алты финалында жеңишке жеткен.
Айрымдарында Джордандын кол тамгасы бар. Белгилеп кетсек, Майкл Джордан “Чикаго” курамында НБАнын 6 жолку чемпиону.
Ал эми АКШ курамында ал эки ирет Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болгон.