Бишкек – Ош трассасынын кооптуу аймактарындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Бишкек – Ош трассасынын кооптуу аймактарындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, унаа жолдун 132-135 жана 198-255-чакырымындарындагы кар көчкүлөр түшүрүлмөкчү.   Мындай чара жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо… Кененирээк…

Көчмө клиникаларда эки жылда 200 миңден ашык кичи операциялар жасалды

Кыргызстандын тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарындагы калкка медициналык жардам көрсөтүп жаткан мобилдүү мульти-диагностикалык комплекстерде эки жылдан ашыгыраак убакытта 201 785 кичи операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) каржылаган “Нормека” көчмө клиникасы бардык адистер менен толук камсыз болуп, 8 фурадан турат.… Кененирээк…

Катардын футбол боюнча курамасы Азия кубогунун финалына чыкты

Катардын футбол боюнча курамасы Азия кубогунун финалына чыкты.   Жарым финалдык жолугушууда катарлыктар Ирандын командасын 3:2 эсебинде жеңип алды. Эми башкы беттеште Катар менен Иордания ойнойт.   Иорданиялыктар белгилеп кетсек, биринчи ирет Азия кубогунун финалына чыгууда. Эске салсак, Катар курамасы Азиянын азыркы чемпиону болуп эсептелет.

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу, жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.   Мындай чектөө аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.   Жеринде жолчулар… Кененирээк…

Кайгуул милициянын 100дөн ашык унаасына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду

Кайгуул милициянын 100дөн ашык унаасына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул жабдуулар кайгуул милициянын нөөмөттөгү кызматкерлери кандай иштеп жатканын тартып, көзөмөлдөөгө шарт түзөт.   Алар министрликтин кырдаал борборунун системасына туташтырылган.

Кыргызстанда бир айда күйүүчү-майлоочу материалдын бардык түрү бир аз арзандады

Кыргызстанда бир айда күйүүчү-майлоочу материалдын бардык түрү бир аз арзандады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эгер өтүп кеткен жылдын 31-декабрында АИ-95 үлгүсүндөгү бензин өлкөдө орточо эсеп менен 71 сом 36 тыйындан болсо, январдын аягында литри 2 сомго арзан сатылууда.   Учурда аталган отундун бир литри… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Электр станциялары” компаниясы маалымдайт.   Андан билдиришкендей, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 мегаватты түзүүдө. 9 отказан, 4 турбоагрегат иштеп жатат.   Бардык абоненттерге ысык суу, жылуулук берилди. Жарандардын кайрылуулары боюнча ыкчам бригадалар иштеп, маселени дароо чечүүдө,… Кененирээк…

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе каржылык талаптарын жарыялады

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе каржылык талаптарын жарыялады. Анын шарттарын аткара турган клуб менен футболчу сүйлөшүүгө даяр. 25 жаштагы чабуулчу жылына 50 миллион евро айлык алгысы келет.   Андан тышкары, жазылуу бонусу 120 миллион еврону түзүшү керек. Азырынча Килианга бул талаптар менен бир дагы клуб байланышка… Кененирээк…

Кыргызстанда кыздар кечирээк турмушка чыгып баштаганы байкалууда

Кыргызстанда кыздар кечирээк турмушка чыгып баштаганы байкалууда. Соңку 20 жылга карата анализди Улуттук статистика комитети жүргүздү.   Маалыматка ылайык, эгер 2001-жылы орто эсеп менен кыздардын турмуш куруу курагы 23 жашты түзсө, 20 жылдан кийин бул орточо көрсөткүч 27 жашты түзүүдө.   Өзгөчө мындай тенденция Бишкекте,… Кененирээк…

Бишкекте көп балалуу энелерге медалдар тапшырылды

Бишкекте көп балалуу энелерге медалдар тапшырылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 37 аялга “Баатыр эне” ордени тапшырылса, “Эне даңкы” медалы менен 59 эне сыйланды.   “Баатыр эне” ордени 7 же андан ашык бала төрөп, аларды тарбиялап өстүргөн апаларга, ал эми «Эне даңкы» медалы алты бала төрөгөн… Кененирээк…