Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн 610 адам жана 18 техника иштеп жатат

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн учурда 610 адам жана 18 техника иштеп жатат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Жылуулук электр борборунун имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктап калды. Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.