“Социалдык келишим” долбооруна быйыл 20 миңдей үй-бүлө катышат

“Социалдык келишим” долбооруна быйыл 20 миңдей үй-бүлө катышат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, программаны ишке ашырууга   2 миллиард сом каралды.   Эске салсак, долбоордун алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөр мамлекеттен 100 миң сомдон алат.   Бул каражатты алар чакан ишкерлик ачууга жумшайт. Катышуучулар “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып… Кененирээк…

Кыргызстанда жүк ташуу талаптарынын сакталышына рейд жүрүүдө

Кыргызстанда жүк ташуу талаптарынын сакталышына рейд жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле жүргүнчү ташуу эрежелери, салмак-көлөмдүк нормалардын аткарылышы текшерилет.   Рейд Токмок шаарынан жана Кемин районунан башталды. Жыйынтыгында айдоочуларга ар кандай бузуулар үчүн 140 миң сомго айып салынды.   Ведомство айдоочуларды унааларын ашыра… Кененирээк…

Таласта катуу шамал мектептердин чатырын учуруп кетти

Таласта катуу шамал мектептердин чатырын учуруп кетти.   Бул тууралуу Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Эмил Курманбаев билдирди. Анын айтымында, шамал Ак-Коргон айылындагы бир нече үйдүн жана мектептин чатырын учурган.   Ошондой эле Талды-Булак айылындагы мектептин чатыры жабыркады. Учурда шамалдын кесепеттери жана чыгымдары такталууда.

Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо мыйзамы парламентте биринчи окууда жактырылды

Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо мыйзамы парламентте биринчи окууда жактырылды.   Белгилеп кетсек, Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.   Бул маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, депутаттар тобу мамлекеттик бала бакчаларда тамакты буга чейинкидей эле өкмөттүн эсебинен берүү мыйзам долбоорун сунуштаган.

Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот

Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2 пайызы топтомо бөлүк… Кененирээк…