«Исфайрам-1» чакан ГЭСин март айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда

Баткенде курулуп жаткан «Исфайрам-1» чакан ГЭСин март айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Исфайрам дарыясына курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт, сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзөт. Учурда каналдын курулушу аяктады.

 

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы объект ишке берилсе 30га жакын жумуш орун түзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, учурда Баткен облусунун аймагында 5 чакан ГЭС курулуп жатат.