УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу КФСтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.
Талапкерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.
Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин «Талант» футболдук клубу сунуштаган.
КФСтин биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлер менен бул шилтемен таанышса болот.
Жетекчлердин жаңы курамы 19-февраль күнү шайланат.