Бишкекте 1-класстын окуучулары келерки аптада эс алууга чыгышат

Бишкекте 1-класстын окуучулары келерки аптада эс алууга чыгышат. Мэриядан билдиришкендей, 12-февралдан 18-февралга чейин мектеп окуучуларына кошумча каникул берилет. Окуу процесси 19-февралдан тарта уланат.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда кошумча каникул 1-класстын окуучуларына гана берилет. Буга чейин Билим берүү министрлиги даталарды ар бир аймак өз алдынча чечерин билдирген.