Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Казакстандын аймагында таанылат

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Казакстандын аймагында таанылат.

 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эки мамлекет 1968-жылдын 8-ноябрынан бери БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналат. Ага ылайык, Конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.

 

Бирок Казакстандын аймактык административдик полициясынын кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда. Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул маселе боюнча иштерди жүргүзүүдө.