Ошто эки көчө капиталдык оңдоо иштеринен өтөт.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп Мамыров жана Амир-Тимур көчөлөрү тууралуу болуп жатат. Жергиликтүү бийлик асфальттын жаңы катмарын төшөп, ирригациялык тармакты жаңыртып, тротуарларды куруу ниетинде.
Андан тышкары, көчө жарыгы орнотулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.