Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты реконструкцияга берилет

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылга коюлган иш пландын негизинде Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты быйыл жаңыланышы керек.

 

Учурда станцияда 1 миң 320 МВт кубаттуулуктагы 4 гидроагрегат иштейт. Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1 миң 200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1 миң 320 мВт чекке жетти.

 

Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса анын кубаттуулугу 1 миң 440 мегаваттка көбөйөт деп пландалууда.