Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга айып салынды

Бишкекте мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин адистери, Жол кыймылынын коппсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы аялдамалар, тактап айтканда, адатта эл көп чогулган «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы аялдамалар текшерилди.

Анда тейлөө маданияты, санитардык нормалардын сакталышы, жол кыймылынын эрежелери, ошондой эле коомдук транспорттордун аялдамаларга туура токтошу текшерилди.

Ошондой эле айдоочулардын GPS-трекерлерди колдонуусуна, транспорт ишканаларынын пландуу чыгууларына, накталай эмес төлөмдөрдү кубаттоого жана накталай төлөм жүргүзүүдө билеттерди берүү жана кабыл алуу эрежелерин сактоого көңүл бурулду.

Мындан сырткары, рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузуп, коомдук транспорттордогу жүргүнчүлөрдүн аялдамаларда ыңгайлуу отуруусуна тоскоолдук кылган жеке менчик унаалардын айдоочулары аныкталып, жазага тартылды. Бул мыйзам бузуучуларга карата административдик протоколдор түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо, шаардыктарды тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантат.