Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы талкууга коюлду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын коомдук талкууга чыгарды. Документте никеге 18 жашка толгон гана адамдар тура алары, үй-бүлө эркек менен аялдын ортосунда гана түзүлөрү белгиленген. Никеге туруп жаткан адамдар бири-бирине ден соолугунун абалы, психикалык оорусу, алкоголдук, баңгилик жана кумар оюндарына көз… Кененирээк…

Салык кызматы Соцфонддо автоматтык түрдө эсептик каттоо кызматын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы КР Социалдык фонду менен биргеликте жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда Соцфонд органдарында автоматтык түрдө эсептик каттоо боюнча кызматын ишке киргизди.   Салык кызматынан билдиришкендей, бул кызмат cabinet.salyk.kg сайты аркылуу жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды онлайн каттоодон өткөрүү учурунда жеткиликтүү.  … Кененирээк…

Кыргызстанда эки жылда ирригация тармагын жакшыртууга 6,6 млрд сом бөлүнгөн

Кыргзстандын ирригациялык фондун жакшыртуу максатында 2022-жылдан 2024-жылга чейин 6 млрд 614,6 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиршти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жана жаңы ирригациялык курулмаларды курууга 5 млрд 848,5 млн сом, ал эми жаңы атайын техниканы… Кененирээк…

Данияр Арпачиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болду

Арпачиев Данияр Карагулович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Талас шаарына 1 миң 224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарына 1 миң 224 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектепте спорт аянтча, бассейн, китепкана, 600 орундуу жыйын зал, спорттук зал, 612 орундуу мектеп ашканасы жана атайын унаа токтотуучу жай болот.   Аны менен катар таза суу, саркынды сууга туташтыруу,… Кененирээк…

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын башчысы кызматтан кетти

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кызматтан кетти. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгону маалым болду.   Азамат Исраилов бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.   Айрым массалык маалымат каражаттары анын ордуна Ош облустук ички иштер… Кененирээк…

Чүй облусунда жер титиреди

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.   Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун… Кененирээк…

Ырчы Адель ден соолугуна байланыштуу бардык концерттерин токтотту

Популярдуу британиялык ырчы Адель ден соолугуна байланыштуу бардык концерттерин токтотту. Бул тууралуу ал күйөрмандарына Instagram социалдык тармагында билдирди.   Аделдин айтымында, анын үн байламталарында жана дем алуусунда көйгөйлөр бар. Сахнага тезирээк кайтып келүү үчүн ал дарыланууга олуттуу мамиле кылаарын убада кылды.

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармагы” Каржы министрлигине өткөрүлөт

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармагы” Каржы министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.   Маалыматка ылайык, мындай чечим убактылуу болот, кийин мамлекеттик ишкана түзүлөт. Демилге “Электр станциялары” жана “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомдорунун каржылык абалын жакшыртуу максатын… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖРТга онлайн каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ЖРТга бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 4-апрелге чейин жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, 2023-2024-окуу жылында 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден көп бүтүрүүчү аяктайт.