Кыргызстанда ажырашуулар көбөйүүдө

Кыргызстанда ажырашуулар көбөйүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Алсак, өткөн жылы 45,5 миң үй-бүлө түзүлсө, 12 миң 550 ажырашуу катталган.

 

Салыштыруу үчүн ведомство  2011-жылга карата статистиканы келтирет, анда 56 миң үй-бүлө каттоого алынып, ажырашуулардын саны болгону 8 миң 700дү түзгөн.