Садыр Жапаров “Керемет банкты” сатуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Керемет банкты” сатуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, министрлер кабинети Улуттук банктан 7 миллиард 126 миллион сомго сатып алат. Банкка таандык 84,7 миллион даана жөнөкөй энчилүү акциялардын пакети кошо өтөт.
Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы болгон Улуттук банктын кызыкчылыктарына каршы келип калышына жол бербөө үчүн кабыл алынганы белгиленди.