Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы автобекет пайда болот

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы автобекет пайда болот. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, долбоордун эскизин аймактык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы даярдады.

 

Объекттин жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Жаңы автобекет эл аралык нормаларга ылайык курула турганы айтылууда.