Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

5-мартта Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасы кабарлады.
Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин Эне-Сай, Дордой – 1 жана Дордой – 2 конуштарында өчүрүлөт.
«Бул күнү «Эне-Сай» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
«Бишкек суу канал» башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.