Бишкекте бузулган кафелердин ордуна арена курулат

“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан Arzu жана Time Out кафелеринин ордуна курула турган чакан аренанын эскизинин долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

 

Буга чейин аталган кафелер буздурулуп жаткандыгы белгилүү болгон.
«Бул аймакка эч кандай имарат салынбайт. «Спартак» стадионунун кичи аренасы калыбына келтирилет. Долбоордо спорт залдары, калыстар үчүн жайлар, кийим алмаштыруучу жерлер, машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка бөлүктөр каралган. Бошотулган аймакка бак-дарактарды кайрадан отургузуп, жашылдандыруу жасалат. 2000-жылдын башында объектилерди курууга уруксат берүүчү документтер берилген. Укук коргоо органдары иш козгоп, баа берүү боюнча иш алып барууда», — дешти мэриядан.
Ошондой эле чакан аренанын баштапкы долбоорунда каралбаган бардык объектилер демонтаждалып, алардын ээлерине башка жер тилкелери бериле тургандыгы кошумчаланды. Мэрия бул кафелердин ээлерине эскертүү берилип, алар түшүнүү менен кабыл алып, демонтаждоодо көмөк көрсөтүп жатышканын билдирди.
Time Out кафесинин аянты 1126 чарчы метрди, Arzu кафесинин аянты 1635 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 27 сотых жер бошойт.