Кыргызстанда 2023-жылы орточо пенсия 1 миң 411 сомго көбөйүп 9 миң  188 сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылы орточо пенсия 1 миң 411 сомго көбөйүп 9 миң  188 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди. Мурдагы жылы орточо пенсия 7 миң 777 сом болгон.

 

Учурда өлкөдө жалпысынан   769 миң 500 пенсионер бар, бул 2022-жылга салыштырмалуу 26 миң 600 адамга көп.

 

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттары 42 миллиард 168,5 миллион сомго жеткен. Мекеме ал каражатты инвестицияга жумшап бир жылда 4,3 миллиард сом киреше тапкан. Топтом бөлүгүн сурап барган жарандарга 1,1 миллиард сомдой берилген. Анын басымдуу бөлүгү ипотека алууга короторун айткан.