Калмира Билимбек кызы Түркиядагы турнирде коло медалга ээ болду

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» эл аралык мелдешинде 3-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 7-марттан 11-мартка чейин өтүүдө.

 

Мелдешке спортчу 59 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште япониялык спортчуга жеңилип калган. Кийин ал финалга чыгып, Калмира Билимбек кызына коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

 

3-орун үчүн беттеште Анастасия Сидельникова аттуу россиялык спортчуну жеңип, эл аралык мелдештин коло медалынын ээси болду.