Кыргызстанда 11-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан эскертишти.
Ведомствонун маалыматына караганда, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.